Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 26 декабря 2022 N 45 (730)



Урматтуу катталуучулар!

2022-жылы "Токтом" Маалымат борбору "Токтом" - online.toktom.kg Маалымат-укуктук порталын модернизациялоо боюнча иштерди жүргүздү. Эми өлкөдө болгон маанилүү окуялар менен Порталдын Мыйзамдардын жаңылыктары бөлүмүндө тез аранын ичинде танышып, Укуктук форумда юридикалык суроолорду берип жана аларга жооп ала аласыздар. Ошол себептүү "Кыргызстандын мыйзамдарынын жаңылыктары" жумалык жөнөтмө өзүнүн актуалдуулугун жоготту.

Ушуга байланыштуу, 2023-жылдын 1-январынан кыргыз жана орус тилдериндеги "Кыргызстандын мыйзамдарынын жаңылыктары" жумалык жөнөтмө чыгарылышы токтотулат.

Сиздерге, бизге болгон ишеничиңиздерге жана көп жылдык кызматташууңуздарга ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге келечекте маанилүү чечимдерди кабыл алууда ишенимдүүлүктү, өсүп-өнүгүүнү жана ийгилик каалайбыз.

Биздин катталуучуларыбызды online.toktom.kg Порталында күтөбүз.


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 15-декабрындагы N 679 "Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен бекитилген тартип мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө маселелерин жөнгө салат.

ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.

Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЖАНА КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН 2022-жылдын 16-декабрындагы N 680/66-6 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банкынын 2022-жылдын 16-декабрындагы N 680/66-6 биргелешкен токтомуна ылайык керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде сунуштаган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер 2023-жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктар же төлөм уюмдары менен келишим түзүү жана банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) орнотуу боюнча уюштуруу чараларын жүргүзүү жүктөлдү.

Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына 2023-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камсыз кылуу сунушталды.

Ушул токтомду аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилик тартышат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 16-декабрындагы N 682 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Автотранспорт каражаттары менен кооптуу жүктөрдү, ташуучулардын жүргүнчүлөр алдындагы жоопкерчилигин жөнгө салуучу КР мыйзамдарынын ишке ашыруу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы N 682 токтому менен Жол кыймылынын эрежелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча токтотулган транспорт каражаттарынын ээлери аларга текшерүү үчүн камсыздандыруу полисин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча тиешелүү документ көрсөтүүсү зарыл.

Токтом 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 16-декабрындагы N 683 "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы N 683 токтомуна ылайык Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга суу менен жабдууга, сууну агызууга, коммуналдык кызматтарга, электр жана жылуулук энергиясына жана газга акы төлөөдө 50 пайыздык жеңилдиктер берилди.

Ошондой эле тифлоприборлорду жана сурдотехникаларды сатып алууда, китепкананы каржылоого жана атайын адабият менен камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын окуу жайларында сурдокотормочуларды даярдоо жана кайра даярдоо, Брайл ариби менен терилген окуу китептерин жана башка адабияттарды басып чыгарууну камсыздоо жана каржылоону кароо КР тиешелүү министрликтерине тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 16-декабрындагы N 689 "2023-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" ТОКТОМУ

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы N 689 токтому менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 8-январына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди.

Токтом менен 2023-жылы январь айындагы дем алыш күндөр төмөнкүдөй белгиленди:

- 2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

- 2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;

- 2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

2023-жылдын 18-мартынан 2023-жылдын 21-мартына чейин дем алыш күндөрү деп белгиленди жана төмөнкүдөй которулду:

- 2023-жылдын 29-апрелиндеги дем алыш күнү - 2023-жылдын 20-мартындагы иш күнүнө;

2023-жылдын 5-майынан 2023-жылдын 9-майына чейин дем алыш күндөрү деп белгиленди жана төмөнкүдөй которулду:

- 2023-жылдын 13-майындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 8-майындагы иш күнүнө

2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди жана төмөнкүдөй которулду:

- 2023-жылдын 11-ноябрындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 6-ноябрындагы иш күнүнө.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомго ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 27-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Президентинин 2022-жылдын 16-декабрындагы ПЖ N 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы N 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" ТОКТОМУ;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 28-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ N 388 "Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 657 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы N 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 29-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 637 "Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 30-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 16-декабрындагы N 119 "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы N 678 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы N 686 "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын жана сүрөттөрүн бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 31-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы N 2022-П-09/78-12-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Жаңы жылдын алдында пиротехникалык буюмдарды сатуу менен алектенейин деп жатам. Мыйзамдуу жолдорун жаза кетесиздерби?

КР аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесинде (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 368 токтому менен бекитилген) пиротехникалык буюмдарды сатуу, сактоо, сактоо кампаларына тиешелүү талаптар жазылган.

Эрежеге ылайык жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу КР Ички иштер министрлиги КР лицензиялоо жөнүндө мыйзамына ылайык берүүчү лицензиянын негизинде ишке ашырылат.

Ошондой эле жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана ишке ашырылат.

Жарандык пиротехникалык буюмдар 1-ноябрдан тартып кийинки жылдын 15-январына чейин гана, 16 жаштан улуу адамдарга сатылат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное