Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 21 января 2019 года N 2 (575)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 11-январындагы N 1 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Соцфонддун милдеттериндеги, пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын чагылдырууга, аларды эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленээри так көрсөтүлдү, ал эми өзгөртүүгө чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгеленип келген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январындагы N 3 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 11-январындагы N 2 "2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштукка башка мүчө-мамлекеттин аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттин биринин жарандары менен өндүрүштө болгон кырсык учурларын териштирүүнүн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Евразия экономикалык коомдоштукка башка мүчө-мамлекеттин аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттин биринин жарандары менен өндүрүштө болгон кырсык учурларын териштирүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январы № 3 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кодекске "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугу деген жаңы түшүнүк киргизилди.

Тактап айтсак, "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугу - үзгүлтүксүз абада ташууларга карата укук, ага ылайык чет өлкөлүк аба кемелери КР аймагында үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны түшүрүү жана бортуна кабыл алуу укугуна ээ.

Ошондой эле, Чет өлкөлүк эксплуатанттардын эл аралык коммерциялык абада ташуулары деген берене жаңы редакцияда берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ N 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Маалыматтык коомду куруу, ошондой эле санариптик трансформациялоону жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүгө багытталган мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү максатында, 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу маанилүү милдет деп эсептелди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 25-декабрындагы N 619 "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтом менен мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартибин белгилейт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 25-декабрындагы N 628 "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдык базалык ставка 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө белгиленди.

Токтомго ылайык, КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициенттер; КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чин үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрү; КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын, КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү бекитилди.

Расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 28-декабрындагы N 640 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

КР юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобо токтомго ылайык бекитилди.

Жобо "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартибин аныктайт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январында N 1 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 31-декабрындагы N 641 "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасы бекитилди.

Методика пробация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышынын натыйжалуулугун аныктоо максатында алардын ишин баалоо тартибин белгилейт.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 31-декабрындагы N 647 "Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын (Бизнес-акыйкатчы) кызмат орду түзүлдү жана бизнес-акыйкатчы жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын ишинин укуктук жана институттук негиздерин аныктайт.

Бизнес-акыйкатчы ишкердик иштин субъекттеринин укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна жана/же коррупциялык аракеттерге жол бербөө максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордогу ишканалардын ишинин ачык болушуна көмөктөшөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 21-январынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы N 110 "Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 25-январынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы N 2018-П-14/58-7-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 26-январынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы N 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы N 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Товарларга (иштер, кызматтар) берилген маалыматтарга КР мыйзамдарына ылайык коюлуучу талаптар кандай?

КР "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык керектөөчү даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу, анын иш режими жана ал сатып жаткан товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө зарыл жана так маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу.

Ошондой эле, маалыматтар соода-сатык келишими жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) жөнүндө келишимдер түзүлгөн учурда кадимки жана күнүмдүк билим тармагындагы сөздөрдү, алгылыктуу өлчөмдөгү шрифти же кагаз бетинде даана көрүнгөн сыяны пайдалануу менен мамлекеттик жана расмий тилдеринде керектөөчүлөрдү тейлөөнүн айрым чөйрөлөрүндө кабыл алынган ыкмалар менен көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү түрдө керектөөчүлөргө маалымдалат.


Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное