Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 27 июля 2020 года N 28 (612)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамдын максаты жана милдети болуп аталган Мыйзамдын 2018-жылдын 14-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими менен ылайык келтирүү саналат.

Өзгөртүүгө чейин адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу беш жылдык иш стажысы бар төмөнкү адамдарга квалификациялык сынак бердирбестен лицензия берилчү:

1 ) укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө;

2) судья катары;

3) Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында;

4) Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары.

Өзгөртүүгө ылайык бул норма жокко чыгарылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 18-июлундагы N 80 "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Аталган Мыйзам 2019-жылдын 26-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Белгилеген актыда КР Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинен алынып салынган ", бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде" деген сөздөр КР Конституциясына карама-каршы келет деп таанылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 18-июлундагы N 82 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүлөргө ылайык спортто тыюу салынган ыкмаларды жана субстанцияларды колдонууга жол бербөө жолу менен таза атаандаштыкка спортсмендердин негиз салуучу укуктарын коргоо жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын милдети спортто допинг менен күрөшүү жөнүндө Эл аралык конвенциянын алкагында алынган милдеттенмелерди аткаруу, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укукту органдын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши тарабынан жактырылган толук планын ишке ашыруу, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 5-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 17-июлундагы N 386 "2020-2021-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмесин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык 2020-2021-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеси жана бюджеттик орундардын саны бекитилди.

КР министрликтери жана административдик ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдары боюнча 2020-2021-окуу жылына бюджеттик негизде окугандарды кабыл алуу планын бекитүү тапшырылды.

Расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 23-июлундагы N 394 "Ал жеткис күч жагдайына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык уюмдарга жана жеке ишкерлерге төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-октябрына чейин (жазуу жүзүндөгү арыз берүүсүз) узартылды:

1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары, салыктык отчеттуулукту 2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн;

2) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту 2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн;

3) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттуулукту (FORM STI-157) 2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн.

Расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 15-июлундагы N 129 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары 42 (кырк эки) шайлоо участкалары токтомго ылайык түзүлдү

Алар:

РФдагы КРнын Элчилиги Москва ш., Большая Ордынка көч., 64;

КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, Екатеринбург ш., Щорса көч., 54а, 5-офис;

КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу, Новосибирск ш., Крылов көч., 64/1 ж.б.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 17-июлундагы N 134 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 446996700 (төрт жүз кырк алты миллион тогуз жүз токсон алты миң жети жүз) сом суммасында токтомго ылайык бекитилди.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзүү тапшырылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 27-июлунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 10-июлундагы N 75 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы N 353 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы N 359 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы N 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы N 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы N 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 28-июлунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы N 2020-П-12\39-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 1-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-июлундагы N 77 "2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош областында жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-июлундагы N 80 "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-июлундагы N 81 "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы N 334 "Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы N 340 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы N 341 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Интернациональный айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы N 341 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Интернациональный айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы N 362 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 2-августунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы N 376 "2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Юридикалык жактын жайгашкан жери адреси өзгөрүлсө кайра каттоодон өтөшү керекпи?

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жайгашкан жери (юридикалык дареги) өзгөргөндө, чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоочу органга маалымдоого милдеттүү.

Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери өзгөргөн учурда кабардамага юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечим тиркелет.

Каттоочу орган кабардаманы алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө салык, статистика жана Социалдык фонд органдарына кабарлайт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное