Ислам жолу жаны баштоочуларга #7 - Даават кылуунун шарттары
СУРОО. Даават кылууда кандай шарттар бар? Канткенде биз туура даават кылган болуп эсептелебиз?
ЖООП. Туугандар, дааватдеген шариаттын бир болугу болгондуктан (намаз, орозо, зекет сыяктуу)
анын аткарылышы да шариатка ылайык келиши керек.
М: биз намазды озубуз каалагандай окуй албайбыз, аны
шариат корсоткондой окуйбуз.Ошондой эле
биз каалагандай даават кыла албайбыз, бирок шариат корсоткондой даават кылуубуз
керек.
Даават кылуунун кандай шарттары бар?
1) Даават илим менен кылынышы шарт. Куранда айтат: Айт:
"Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллаhка (эч нерсенишерик кылбай сыйынууга) чакырамын!Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин
үстүндөбүз" (Куран, Юсуф суросу 108-аят)
анык далилдин - илимдин устундобуз.
2) Калган шарттарын дагы да буюрса кийинки чыгарылыштарда жазып турмакчыбыз...
Пайгамбарыбыздын
(саллалЛаху алейхи ва саллям)
баллигуу
ании ва лау аайа деген хадисинин биринчи болугу баарыбызга белгилуу, бирок анын
уландысы бар да...
ва ман казаба ъалаййа мутаъаммидан фаль-йатабавва’
макъадахумин-а-наар
деп хадис бүтөт эмеспи? (Хадис “Сахих” Бухариде келет)
Мааниси: “менден бир аят болсо да жеткизгиле, ... (бирок)
ким менин атымаатайылап жалган айткан
болсо - тозоктогу ордун даярдай берсин!” Динди жеткизуудо биз дааваттын озун эмес, дааваттын тууралыгына конул буруубуз зарыл. Себеби, бир нерсени айтабыз деп туура эмес маалымат жеткизип албайлы, Аллахтын ыраазычылыгына жетебиз деп, каарына калбайлы.
Эгер сиздердин суроонуздар же сунушунуздар болсо ISLAMJOLU@inbox.ru почтасына кат жазсанар болот.