Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана от 14 ноября 2016 года # 40 (465)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом

Урматтуу Айымдар жана Мырзалар!

"Мыйзамдардын жаңылыктары" жумалык жөнөтмөнүн жаңыланган версиясын кубаныч менен Сиздерге тартуулайбыз!

Жөнөтмө мурункудай эле төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

  1. "Жуманын эң маанилүү окуялары" – акыркы жумада кабыл алынган актуалдуу ченемдик-укуктук актылардын сереби.
  2. "Күчүнө кирүү" – Ушул жумада күчүнө кирүүчү ченемдик-укуктук актылардын тизмеси.
  3. "Суроо-Жооп" - Колдонуучулардын актуалдуу суроолоруна биздин Маалыматтык-юридикалык бөлүмдүн адистеринин жооптору.

"ТОКТОМ" маалыматтык-укуктук форумунун "Юридикалык консультация" бөлүмүндө талкууланган суроолордун бири "Суроо-Жооп" бөлүмүндө жарыяланат. "ТОКТОМ" Маалыматтык-юридикалык бөлүмдүн адистеринин жоопторунан тышкары, форумга өткөндө, башка юристтердин жооптору менен таанышып, ошондой эле ушул суроону талкуулоого катыша аласыз.


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2016-жылдын 3-ноябрындагы N 174 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Аталган Мыйзамга ылайык, референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалды. Референдумга "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору чыгарылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 4-ноябрында № 94 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 24-октябрындагы N 560 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоо программасын ишке ашыруу жана мындан ары натыйжалуу координациялоо максатында, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы бекитилди. Мамлекеттик базалык программа - бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды коомго максималдуу толук интеграциялоо үчүн мамлекет тарабынан кепилденген реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана шарттары.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 1-ноябрында № 93 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 1-ноябрындагы N 566 "Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби токтом менен бекитилди. Тартипке ылайык, мобилизациялык резервдин жыйындары - жыйырма беш жашка толгон жарандарды аскердик-каттоо адистиктери боюнча аларды тынчтык жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган башка аскердик түзүлүштөрүндө пайдалануу үчүн даярдоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын комплекси.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2016-жылдын 20-октябрындагы N 164 "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

"Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө" жобо бекитилди. Жобо аймактык шайлоо комиссиясына түшкөн жарандардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топту түзүүнү, ыйгарымдарынын тартибин, иш аракеттеринин тартибин, максаттарын аныктайт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2016-жылдын 20-октябрындагы N 165 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтом менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө" жобо бекитилди. Жобо КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларында жарандардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын кайрылуулары менен иштөө маселелери боюнча БШК/АШК ишинин ыйгарым укуктарын жана тартибин калыптоонун максаттарын жана милдеттерин аныктайт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2016-жылдын 16-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы N 560 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы N 560 токтому менен бекитилген).
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2016-жылдын 18-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 5-ноябрындагы N 175 "2016-жылдын 20-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Мамлекеттик башкарууну жана атаандашууга жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо боюнча программалык операцияны) ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Доо арыз менен сотко кайрылгам, жоопкердин жашаган жери белгисиз болуп атат, жоопкердин жашаган жерин табуу кандай жүргүзүлөт?

КР Жарандык процесстик кодексине ылайык, жоопкердин турган жери белгисиз болгон учурда мамлекеттин таламында коюлуучу талаптар, анын ичинде алиментти өндүрүп алуу, майыптыктан же ден соолуктун башкача бузулушунан, ошондой эле баккан адамдын дүйнөдөн кайтышынан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча сот ички иштер же салык инспекция органдары аркылуу жоопкерди издөөнү жарыялоого милдеттүү, бул жөнүндө аныктама чыгарат.

Ошондой эле, жоопкерди издөө боюнча чыгымдарды өндүрүү ички иштер же салык инспекция органдарынын арызы боюнча соттун буйругу аркылуу жүргүзүлөт.


Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М. Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное