Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 28 октября 2019 года N 42 (575)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 15-октябрындагы N 546 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, калктын тамактануу түрдүүлүгүн жакшыртуу максатында токтом менен 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасы, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жана матрицасы бекитилди.

Бекитилген программа балык уулоочулукту жана аквакультураны туруктуу башкаруу чараларын ишке ашырууга багытын, өндүрүштүк маселелерди чечүү менен бирге экосистемалардын бүтүндүгүн сактоо зарылдыгын, жаратылыш ресурстарын биргелешип башкаруу маселелерин карайт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 17-октябрындагы N 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы N 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык ээлеген мамлекеттик турак жай курагы, ден соолугу боюнча запаска же отставкага чыккан, штатты кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча бошотулган жана 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерине жана адамдарга менчикке акысыз берилет.

Ошондой эле ээлеген кызматтык турак жайды менчикке өткөрүп берүү аларды төмөнкү категориядагы адамдарга түз сатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт:

1) кызмат өтөгөн мезгилде алган мертинүүнүн (жарадар болуунун, жаракат, контузия алуунун) же ооруга чалдыгуунун кесепетинен майып болгон жана ушундан улам кызматтан бошотулган I жана II топтогу майыптыгы бар аскер кызматчыларына/кызматкерлерине (иштеген жылдарына карабастан);

2) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгонуна байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен чыгарууда аскер кызматчыларына/кызматкерлерине (эгерде аскер кызматчысы же кызматкер менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү же мураскорлору болсо), кызмат өтөгөн жылдарына карабай;

3) I жана II топтогу майыптыгы бар балдарды тарбиялаган аскер кызматчыларына/кызматкерлерге;

4) мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунан кызматтык турак жайды менчикке алуунун башка негиздери жок, кызматтык турак жайда жыйырма жылдан кем эмес жашаган, жашы жете элек беш жана андан көп балдарды тарбиялаган аскер кызматчынын/кызматкердин үй-бүлөсүнө;

5) жыйырма жылдан кем эмес кызматтык турак жайда жашаган, кызмат өтөгөн мезгилде каза болгон аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө;

6) аскердик кызматтан бошотулган, жыйырма жылдан кем эмес кызматтык турак жайда жашаган, 10 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерге;

7) аскер кызматчылардын/кызматкерлердин калган категорияларына, эгерде алар 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөсө.

Токтом 2018-жылдын 25-июнунан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 17-октябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" ТОКТОМУ

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциялардан коргоо, эсепке алынбаган/контрабандалык товарларды ташып өткөрүүнү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында КР айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жана КР аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрү бекитилди.

Аталган тизмеге ЕАЭБ ТЭИ ТН коду боюнча 2204, 2205, 2206, 2207, 2208 алкоголдук продукция жана ЕАЭБ ТЭИ ТН коду боюнча 2402 боюнча сигареттер (чыпкалуу, чыпкасыз) кирди жана аталган товарларды маркалоо 2020-жылдын 1-июлунан тартып башталат.

Милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларда идентификациялоо каражаттарынын болушуна контролду төмөнкүлөр жүргүзөт:

- КР аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан импорттолгон жана КР аймагында сатып өткөрүлгөндөргө - салык кызматынын органдары;

- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттердин аймагынан ташып киргизилгендерге - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

КР аймагында товарларды өндүрүүдө, импорттоодо/ташып киргизүүдө, экспорттоодо/ташып чыгарууда, сатып өткөрүүдө алардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүүгө байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерин чечүү экономика министрлигине, салык кызматына, бажы кызматына жана маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине төмөнкүлөр тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 18-октябрындагы N 560 "Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодо, кайра каттоодо, эсептен чыгарууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттер кайрадан каралып чыгып, тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН 2019-жылдын 11-октябрындагы N 35-09/251 "Атайын бажы статистикасын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ

Атайын бажы статистикасы, бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жана алардын ишмердигин оптималдаштыруу үчүн арналган, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишинин ар түрдүү багыттары боюнча системалаштырылган маалыматтардын жыйындысын билдирет.

Бажы статистикасы мамлекеттик бажы кызматынын түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан ишке ашырылат.

Атайын бажы статистикасынын эсепке алуу объектиси болуп бажы органдардын ишинин түрдүү багыттары жөнүндө маалыматтары кирип, төмөнкүлөрдү камтыйт:

- бажы төлөмдөрүнүн статистикасы (республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө бажы төлөмдөрүнүн салыштырма салмагы; бажы төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча эсеп жүргүзүлөт);

- декларациялоо статистикасы (тышкы сооданын бажы статистикасы менен эсепке алынуучу бажы жол-жоболорунун түрлөрү боюнча товарларды ташып кирүү жана ташып чыгуу);

- мамлекеттин менчигине айланган товарлардын статистикасы;

- атайын бажы статистикасынын башка түрлөрү.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 30-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы N 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы N 479 "2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-октябрындагы N 513 "2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 2-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы N 537 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги N 203 "Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы N 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы N 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 3-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Экспорттук контроль жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Менин кошунам мага материалдык жана моралдык компенсация төлөп берди. Ортобуздагы чыр-чатакты соттук териштирүүгө жеткирбей чечтик. Эми ушул түшкөн материалдык жана моралдык компенсациядан салык төлөшүм керекби?

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 165-беренесине ылайык материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер, моралдык зыянды компенсациялоо түрүндө алынган кирешелер салык мезгилинин жылдык жалпы кирешесин түзөт деп берилген. Ошондой эле, кодекстин 167-беренесинде киреше салыгы салынбаган кирешелердин тизмеси берилген. Аталган тизмеге материалдык жана моралдык зыянды өндүрүүдөгү кирешелер кирген эмес. Жогоруда айтылгандарга таянып, материалдык жана моралдык зыянды өндүрүүдөн түшкөн акча каражаттарына киреше салыгы салынат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное